Кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана алар менен
болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо – мамлекет тарабынан кыймылсыз мүлккө
карата укуктарды, алардын жүктөлүүлөрүн (чектөөлөрүн), ошондой эле катталган
укуктарды (чектөөлөрдү) коргоону камсыздоочу кыймылсыз мүлк менен болгон
бүтүмдөрдү таануу жана тастыктоо боюнча юридикалык акт.
Зарыл болуучу документтер
- Укукка ээ болуучунун жеке өзү тарабынан же
арыз берүүгү укугу бар болгон адам тарабынан берилген арыз;
- Каттоо органынын кызматтарына акы төлөнгөндүгү
тууралуу дүмүрчөк;
- Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык
мүнөздөмөлөрүн камтып турган документ (техникалык паспорт);
- Кыймылсыз мүлктүн бирдигине карата укукту
белгилөөчү документ;
- Акы төлөө: Жеке адамдар үчүн – 256,71 сом;
- Юридикалык жактар үчүн– 641,97 сом.
- Инсандыгын тастыктоочу документ:
- жеке адамдар үчүн – паспорт;
- юридикалык жактар үчүн – анын өкүлүнүн
инсандыгын жана ыйшарым укуктарын тастыктоочу документ, ошондой эле
юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктөр жана юридикалык жактын
уюштуруучу документтери;
Маанилүү!
- Акы төлөө кызмат көрсөтүлгөн ордундагы кассада
жүргүзүлөт;
- Бааларда жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү
салыктар, транспорттук чыгымдар жана бланк продукциясынын баасы эсепке
алынган эмес.
- Кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү: Кыймылсыз мүлккө
карата укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоо 7 жумуш күнүнүн ичинде жүзөгө
ашырылат;
- Кыймылсыз мүлктүн бирдиги менен бүтүмдөрдү
жүргүзүүнүн негизинде пайда болгон кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана
чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо 2 жумуш күнүнүн ичинде жүзөгө ашырылат;
- Жазуу жүзүндөгү арызга ылайык шашылыш тартипте
жүргүзүлүүчү кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо бир
жумуш күнүнүн ичинде, тийиштү акы төлөөгө карата шашылыш болуунун 2
коэффициентин колдонуу менен жүзөгө ашырылат.