Зарыл болуучу документтер
- Укук ээси жеке берген же арыз берүүгө карата
укугу бар адам тарабынан берилген арыз;
- Каттоо органынын кызматтарына акы төлөнгөндүгү
тууралуу дүмүрчөк;
- Кыймылсыз мүлк бирдигине карата укугун
белгилөөчү жана (же) укугун тастыктоочу документ.
- Акы төлөө: Документтерди жасоонун баасы
кыймылсыз мүлктүн бирдигинин конфигурацияларынан жана бурулуу чекиттеринен
көз каранды.
- Акы төлөө кызматтарды көрсөтүү жери боюнча кассада
жүргүзүлөт.
- Инсандыгын тастыктоочу документ:
- жеке адам үчүн – паспорт;
- юридикалык жак үчүн – анын өкүлүнүн инсандыгын
жана ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтер, ошондой эле юридикалык
жакты каттоо жөнүндө күбөлүктөр жана юридикалык жактын уюштуруу
документтери.
Маанилүү!
Кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү:
- Документтерди аткаруу мөөнөттөрү 10 жумуш
күнүнө чейинкини түзөт;
- Бул иш шашылыш мөөнөттөрдө, тиешелүү акы
төлөөгө карата шашылыш болуунун 2 коэффициентин колдонуу менен аткарылышы
мүмкүн (арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча арызында көрсөтүү менен). Мындай
учурларда аткаруу мөөнөтү 3 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттү түзөт.
Ири жана татаал объекттерге
карата документтерди жасоо мөөнөттөрү келишимдик негизде аныкталат