Электрондук кайрылуу
Сиз өз кайрылууңузду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегине электрондук түрдө жөнөтүүнүн алдында, төмөнкү маалымат менен кунт коюп таанышып чыгууңузду өтүнөбүз:
- Электрондук кайрылууну жөнөтөөрдөн мурун форманы туура толтуруу зарыл.
- Кайрылуунун авторуна жооп, эгерде ал тарабынан фамилиясы, аты, атасынын аты жана электрондук почтасынын дареги (Е-mail) көрсөтүлгөн болсо, электрондук документ формасында жөнөтүлөт.
- Эгерде, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын карап чыгуу тартиби жөнүндө» мыйзамдын 1-эскерт. 6-беренесине ылайык:
- анда цензуралык эмес лексика, кемсинтүүчү туюндулар камтылган болсо;
- текст орусча латиницаны колдонуу менен же болбосо жалаң баш тамгалар менен жазылган болсо, сүйлөмдөргө ажыратылбаган болсо;
- толук эмес же анык эмес почта дареги көрсөтүлгөн болсо;
- кайрылууда конкреттүү арыздар, даттануулар, сунуштар жок болсо;
- ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү бүлүнтүүгө жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык чыр-чатактарды тутандырууга карата чакырыктар камтылган болсо.
кайрылуулар карап чыгууга кабыл алынбайт.
- Электрондук түрдө жөнөтүлгөн кайрылуулардын авторлорунун персоналдык маалыматтары тууралуу маалыматтар персоналдык маалыматтар жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын сактоо менен сакталат жана иштетилип чыгарылат.
Кайрылууну жөнөтүү