Урматтуу автомототранспорттук каражаттардын ээлери!
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МККнын алдындагы ТКжАКК Департаментинин
каттоо-экзамендик бөлүмдөрүндө автомототранспорттук каражаттарды каттоого жана
кайра каттоого байланышкан аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн транспорт
каражаттарынын ээлери төмөнкү документтерди берүүлөрү керек болот:
- Белгиленген
үлгүдөгү арыз (МКАБ ММнин оператору тарабынан басылып чыгарылат);
- Каттоо аракеттери
жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган жарандын инсандыгын тастыктоочу документи (паспорту);
- Белгиленген
салыктардын жана жыйымдардын төлөнгөндүгү тууралуу документтер (РСКнын
кассаларында акы төлөнгөндүгү тууралуу дүмүрчөк);
- Каттоо документтери;
- Транспорт каражаты, аны жоготуу
учурларынан башка учурларда.
Эскертүү.
- Берилген транспорт каражатын номер агрегаттарын
текшерүү менен визуалдык карап чыгуу тиешелүү адистер тарабынан КЭБдин
имаратынын алдындагы карап чыгуу аянтында жүргүзүлөт.
- Транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) жана
айдоочунун күбөлүгүн берүүнүн бардык маселелери боюнча КЭБдин гана адистерине
кайрылыңыз.
- Сизге автоунааны кайра каттоо жана айдоочунун
көбөлүгүн берүү боюнча шектүү акы төлөнүүчү кызматтарды сунуштап жаткан чоочун
адамдардан (маклёрлордон) сактаныңыз.