Эгерде Сиз автомототранспорттук каражатты
сатып алсаңыз, анда төмөнкүдөй каттоо жол-жоболорунан өтүү зарыл болот:
- Адегенде сизге өз автотранспортуңузду КЭБдин адисине
визуалдык карап чыгууга, КЭБдин имаратынын алдындагы карап чыгуу аянтында номер
агрегаттарын (кыймылдаткычтын, кузовдун, шассинин №) салыштырып карап чыгуу
үчүн көрсөтүү керек болот. Мында КЭБдин адиси тарабынан карап чыгуу карточкасы
толтурулат, ал каттоо документтери менен чогуу КЭБдин кийинки адисине
жарандарды кабыл алуу залындагы терезечеден берилет.
- КЭБдин документтерди кабыл алуу боюнча адиси АМТКны
каттоодон өткөрүү (кайра каттоо, эсептен чыгаруу) үчүн берилген документтерди
изилдейт жана алар шайкеш келген учурда МКАБдын операторуна арызды басып
чыгаруу үчүн берет. Арыз басылып чыгарылгандан кийин КЭБдин документтерди кабыл
алууну жүргүзгөн адиси арызда зарыл болгон төлөмдөр тууралуу, анын ичинде 1%
акы төлөө суммасын (АМТКны кайрадан каттоо учурунда) же 5% (АМТКны биринчи жолу
каттоо учурунда) тарифтик сетка боюнча жыйым тууралуу тиешелүү жазууларды
жүргүзөт (жыйымдын суммасын чегерүүнүн тууралыгын текшерүү үчүн, сиз жарандарды
кабыл алуу залында жайгаштырылган маалыматтык паннодогу тарифтик сетка боюнча
текшере аласыз).
- КЭБ адиси тарабынан басып чыгарылган жана кол коюлган
арыз менен арыз берүүчү (АМТКнын ээси) банктын кассасына бардык белгиленген
салыктарды жана жыйымдарды төлөө жана тиешелүү дүмүрчөктөрдү алуу үчүн жөнөйт:
- 4-топ
боюнча мүлккө карата салык (кыймылдуу мүлк) (салыкты төлөө суммасы маалыматтык
паннодогу таблицада көрсөтүлгөн) жана РСК Банктын кассасынын кызматтарына төлөө
– 30 сом;
- 5% (биринчилик
каттоо учурунда) же 1 % (кайра каттоо учурунда) жыйымдар тарифтик сетка боюнча
транспорт каражатынын баасынан (тарифтик сетка жарандарды кабыл алуу залындагы
маалыматтык паннодо жайгаштырылган) жана банктын кассасынын кызматтары үчүн –
15 сомдо 50 сомго чейин (банк кызматтарынын баасы тууралуу таблица маалыматтык
паннодо жайгаштырылган);
- МКАБнын
операторлорунун каттоо (кайра каттоо) операцияларын жүргүзүү боюнча тиешелүү
кызмат көрсөтүүлөрү – 75 сом жана банктын кассасынын кызматтары – 20 сом; Жыйынтыгында
төлөөгө карата: 75 сом + 20 сом = 95 сом.
- Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүгү үчүн – 10
евро (акы төлөө күнүнө карата курс боюнча) жана РСК Банктын кассасынын кызмат
көрсөтүүлөрү – 30 сом. Жыйынтыгында төлөөгө: 10 евро + 30 сом;
- АМТКнын техникалык талону үчүн – 10
евро жана банктык кассасынын кызматтары –30
сом. Жыйынтыгында төлөөгө карата: 10
евро + 30 сом; (юридикалык жактар үчүн тех.талон);
- каттоонун мамлекеттик номер белгилери үчүн -11,62
евро, банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү – 30
сом жана МКАБнын кызматтары үчүн - 60
сом. Жыйынтыгында төлөө үчүн: 11,62
евро + 30 сом + 60 сом.
- Бардык
белгиленген жыйымдарды жана кызматтар үчүн акыларды төлөгөндөн кийин, АМТКнын
ээси бардык документтерди (анын ичинде акы төлөнгөндүгү тууралуу бардык
дүмүрчөктөрдү) документтерди кабыл алууну жүргүзгөн КЭБдин адисине тапшырат.
- Документтер
тапшырылгандан кийин, кезеги боюнча АМТКнын ээси тийиштүү каттоо документтерин
жана каттоонун номерди белгилерин берүү терезечесинен паспортисттен алат.
Автоунааны каттоо учурундагы акы төлөө суммалары боюнча
мисал
(сатып
алуу-сатуу келишими боюнча
):
- Хонда-Одиссей маркасындагы автоунаа;
- Чыгарылган
жылы – 2003-ж;
- Кыймылдаткычынын
көлөмү – 2290 куб.см;
- Автоунаанын
тиби – жеңил.
Акча каражаттары банктын кассасына гана төлөнөт:
- 4-топ
боюнча мүлккө карата салык (кыймылдуу мүлк) – 2290 куб.см. х 0,75
с. (5 жылдан 10 жылга чейин колдонулган) = 1718 сом. банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрүүчүн төлөөлөр – 30 сом. Жыйынтыгында: 1718 + 30 = 1748 сом.
- АТМКны
кайра каттоо учурундагы тарифтик сетка боюнча 1% жыйым – 1200 сом.
Тарифтик
сетка боюнча баа берүү критерийлери:
- Өндүрүүчү мамлекет – Жапония;
- Автоунаанын тиби – жеңил;
- Кыймылдаткычынын көлөмү 2290 куб.см.– 3000 куб.смег чейин;
- Чыгарылган жылы 2003-ж. – 2004-2003-ж. чейин.
Тарифтик сетка боюнча автоунаанын баасынын жыйынтыктоочу
баа берилиши – 120000 сом, мында
1% – 1200 сомду түзөт.
Банктын кассасынын кызматтары үчүн акы төлөө – 30
сом.
Жыйынтыгында: 1200 + 30 = 1230 сом.
3.
Каттоо (кайра каттоо) операцияларын жүргүзүү боюнча МКАБдын операторлорунун тиешелүү кызматтары – 75
сом.
жана банктын
кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү
– 20 сом;
Жыйынтыгында: 75+20= 95
сом.
4.транспорт
каражатын каттоо тууралуу күбөлүгү үчүн – 10 евро (төлөө күнүнө карата курс боюнча – 58) жана банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү – 30
сом. Жыйынтыгында: 580 +30 сом = 610 сом;
5.каттоонун
мамлекеттик номер белгилери үчүн -11,62 евро (курс боюнча – 58) жана банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү – 30
сом жана
кызмат көрсөтүүлөр
6.- 60 сом.
Жыйынтыгында : 674 сом +30 сом + 60 сом =
764 сом;
Банктын кассасында төлөөгө карата бардык суммалар:
1748 + 1230 + 105 + 610 + 764 = 4457 сом.
Автоунааны биринчилик каттоо учурундагы суммалар боюнча
мисал (чет мамлекеттен жаңы алынып келинген жана
белгиленген тартипте бажы төлөмдөрүнөн –ткөрүлгөн а/у):
- «Хонда-Одиссей» маркасындагы автоунаа
- чыгарылган жылы – 2003-ж.
- кыймылдаткычынын көлөмү – 2290 куб.см
- автоунаанын тиби – жеңил.
Акча каражаттарын төлөө банктын кассасына гана:
-
4-топ боюнча мүлккө карата салык (кыймылдуу мүлк) – 2290 куб.см. х 0,75 с. ( 5 жылдан 10 жылган чейинки эксплуатациялоодогу) = 1718 сом. Банктын кассасынын кызматтары үчүн акы төлөө – 30 сом.
Жыйынтыгында: 1718 + 30 = 1748 сом.
-
АМТКны биринчилик каттоо учурундагы 5% жыйымды тарифтик сетка боюнча төлөө – 6000 сом,
тарифтик сетка боюнча баа берүү критерийи:
- oөндүрүүчү мамлекет – Жапония;
- oавтоунаанын тиби – жеңил;
- oкыймылдаткычтын көлөмү 2290 куб.см.– 3000 куб.см.ге чейин;
- oчыгарылган жылы 2003-ж. – 2004-жылдан 2003-жылга чейин.
Автоунаанын тарифтик сетка боюнча жыйынтыктоочу баасы – 120000 сом, мында 5% – 6000 сомду түзөт.
Банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө – 30 сом.
Жыйынтыгында: 6000 + 30 = 6030 сом.
-
Каттоо (кайра каттоо) операцияларын жүргүзүү боюнча МКАБдын операторлорунун тиешелүү кызматтары – 75 сом. жана банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү – 30 сом;
Жыйынтыгында: 75+30 = 105 сом.
-
транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүгү үчүн – 10 евро (төлөө күнүнө карата курс боюнча – 58 ) жана банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү.
Банктыкы – 30 сом. Жыйынтыгында: 580 +30 сом = 610 сом;
-
каттоонун мамлекеттик номер белгилери үчүн-11,62 евро (курс боюнча – 58) жана банктын кассасынын кызмат көрсөтүүлөрү – 30 сом жана МКАБдын кызмат көрсөтүүлөрү - 60 сом.
Жыйынтыгында: 674 сом +30 сом + 60 сом = 764 сом;
Банктын кассасында төлөөгө карата бардык суммалар:
1748 + 6030 + 105 + 610 + 764 = 9257 сом.
Бир эле автоунааны тариздетүү учурундагы жыйынтыктоочу төлөөгө каралган суммаларды салыштыруу үчүн:
- биринчилик каттоо учурунда – 9257 сом.
- ССК боюнча кайра каттоо учурунда – 4457 сом.
Автомототранспорт каражаттарын жана аларга карата
чиркегичтерди (мындан ары – АМТК) каттоону жана кайра каттоону Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МККнын алдындагы ТКжАКК Департаментинин
бөлүмдөрүндө жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын
15-февралындагы №65 (2012-жылдын 28-майындагы №329 редакциясында) «
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматында автомототранспорттук каражаттарды жана аларга
карата чиркегичтерди каттоо эрежеси
» токтомуна ылайык жүргүзүлөт