Автоунаа каражаттарын колдонуучулар үчүн эскерткич
- Айдоочулук
күбөлүгүн температуранын кескин өзгөрүүлөрүнөн, радиациядан, нымдуулуктан жана
узак убакыт тике күн нуру тийүүсүнөн коргоо керек.
- Айдоочулук
күбөлүккө күчтүү механикалык басым көрсөтүүгө болбойт (мисалы, буроого же
ийүүгө), бул картаны бузуп коюшу ыктымал, андан тышкары документти, мисалга,
шымдын арткы чөнтөгүндө сактоого болбойт.
- Айдоочунун
күбөлүгүн түз абалда сактоо зарыл, анын курч буюмдарга тийүүсүн болтурбоо керек
(аны мисалга, куртканын ички чөнтөгүндө сактап же сумканын ички чөнтөгүнө салып
жүрүү керек, ийилтип, сүрүлтүп же айрып-тытылтып албаш үчүн).
- Айдоочунун
күбөлүгүн суудан, химиялык заттардан жана буулануулардан коргоо керек (мисалы,
ацетон, тырмак үчүн лакты эриткич ж.б.у.с.), алар картаны бузуп коюшу ыктымал.