​ЖТК болгон учурда өзүн кандай алып жүрүү керек

ЖТК болгон учурда өзүн кандай алып жүрүү керек

Жол-транспорт кырсыгынын натыйжасындагы кокустук окуясы – бул жок дегенде бир транспорт каражатынын кыймылынын же анын трассадан чыгып кетишинин натыйжасында адам тигил же бул даражадагы жаракат алып, өлүмгө дуушар болуп, же мүлктүк зыян келтирилген окуя.

ЖТКнын натыйжасында кокустук окуясы болгон учурда:

  1. Жаңы коркунучтун пайда болуусунун себеби болуп калбоо үчүн, колдон келишинче тезирээк токтоңуз, жана габариттик фаралары менен чогуу авария фараларын күйгүзүңүз: авариялык фаралары жок болгон учурда, эгерде транспорттук каражат жол начар көрүнгөн жерде турса, авария белгисин коюп коюу зарыл болот.
  2. Ңгшерде жабыр тартуучу(лар) жардамга муктаж болуп жатса, анда бул тууралуу тиешелүү жактарга маалымдоо зарыл болот. Жардам чакыргандан кийин, жабыр тартуучуга биринчи жардамды көрсөтүүү керек. Эгерде сиз биринчи жардамды негиздерин билбей турган болсоңуз, өз кыймыл-аракеттериңизди сактоочулардын сунуштары менен аткарыңыз.
  3. Окуя болуп өткөн жердеги кыймыл коопсуз болушу жана кесепеттери татаалдашып кетпеши үчүн колдон келген нерсенин баарын жасаңыз.
  4. Кырсык окуяга тиешелүү транспорт каражатын жана буюмдарды полиция келгенге чейин башка транспорт каражаттарынын кыймылы мүмкүн болбой калса гана, жана алдын ала күбөлөрдүн катышуусу менен транспорт каражатынын жана буюмдардын авария болгон учурдагы абалы жана издери белгиленгенден кийин гана жылыштырып коюуга мүмкүн болот.
  5. Күбөлөрдүн атарын, фамилияларын жана даректерин жазып алыңыз.
  6. ЖТК катышуучуларынын талабы боюнча өз документтериңизди көрсөтүңүз.
  7. ЖТК кабылган транспорт каражаттарынын айдоочуларына окуя болгон жердеги жайдайларды аныктаганга чейин алкоголь ичүүгө, баңги затын жана психотроптук дары-дармектерди колдонууга тыюу салынат.
  8. ЖТКны каттап жаткан жана жагдайларды аныктаган учурда тынч абалды сактаганга аракет кылыңыз.

Эгерде ЖТКга туш болсоңуз *103* телефону боюнча чалыңыз:

  1. ЖТКнын катышуучуларынын арасында медициналык жардамга муктаж жабыр тартуучулар бар болсо.
  2. Эгер элдер ЖТКда жабыр тартышпаса, бирок ЖТКга туш болгон транспорт каражаттарынын айдоочуларынын ЖТК үчүн жоопкерчиликти ким тарта тургандыгы тууралуу пикирлери келишпей жатса.
  3. Жабыр тартуучулар жок болсо, бирок транспорттордун кыймылын улантып жана тышкы чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо мүмкүн болбой жатса.