Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын
2015-жылдын 23-октябрындагы № 182
тескемеси менен БЕКИТИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын купуялуулук саясаты
Жеке маалыматтын ушул купуялуулук саясаты (мындан ары – Саясат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК) жана/же анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрү колдонуучунун макулдугу менен алууга мүмкүн болгон, аларга ушул Саясатка ылайык берилген маалыматка карата колдонулат.
Порталды колдонуу колдонуучунун ушул Саясат менен жана анда көрсөтүлгөн анын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттары менен толук макулдугун билдирет; бул шарттар менен макул болбогон учурда колдонуучу Порталды колдонуудан баш тартууга тийиш.
Ушул купуялуулук саясатында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтар жөнүндө маалыматка жеке жана юридикалык жактардын жетүүсүнүн бирдиктүү чекити.
Колдонуучу – бул белгиленген тартипте Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын колдонуучу жана жеке мүнөздөгү маалымат берүүчү жеке адам.
Контент – маалыматтык ресурсту маалыматтык-маанилүү толтуруу (гезиттер, журналдар, китептер, веб-баракчалар ж.б.), ошондой эле окурман/угуучу/көрүүчү өзүнүн каалоосу боюнча колдонууга мүмкүн болгон бардык маалымат, эгер башкасы ушул Саясат менен каралбаса.
-
Портал алуучу жана иштеп чыгуучу колдонуучулардын жеке маалыматы
- Ушул Саясаттын алкагында «колдонуучунун жеке маалыматы» деп түшүнүлөт
- Колдонуучу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына катталууда (эсептик жазууну түзүүдө) өзү жөнүндө өз алдынча берген жеке маалымат;
- Колдонуучу жөнүндө башка маалымат, аларды чогултуу жана/же берүү МККнын тийиштүү документтеринде аныкталат.
- Бул Саясат Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына гана колдонулат.
- МКК жалпы учурда Колдонуучу берген жеке маалыматтын аныктыгын текшербейт жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгүн контролдобойт. Бирок МКК каттоо формасында берилген маселелер боюнча колдонуучунун анык жана жетиштүү маалыматын негиз кылат жана бул маалыматты актуалдуу абалда колдоого алат. Анык эмес маалымат берүүнүн натыйжасы Порталдын Колдонуучулук макулдашуусунда аныкталган.
-
Колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултуунун жана иштеп чыгуунун максаттары
- Колдонуучунун жеке маалыматын МКК төмөнкү максаттарда колдонууга укуктуу:
- МКК менен болгон макулдашуулардын жана келишимдердин алкагында тарапты идентификациялоодо;
- Колдонуучу менен байланыштуу, анын ичинде Кызмат көрсөтүүлөр порталын колдонууга тийиштүү билдирүүлөрдү, суроо-талаптарды жана маалыматтарды жиберүүдө, ошондой эле Колдонуучунун суроо-талаптарын жана табыштамаларын иштеп чыгууда;
- ээси жок маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүдө;
- верификациялоодо, башкача айтканда Колдонуучу берген маалыматтарды тастыктоодо.
-
Колдонуучунун жеке маалыматын иштеп чыгуу жана аны үчүнчү жактарга берүү шарттары
- МКК Колдонуучунун жеке маалыматын ички ченемдик актыларга ылайык сактайт.
- Колдонуучунун жеке маалыматы боюнча анын купуялуулугу сакталат.
- Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгууда МКК «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» КР Мыйзамын жетекчиликке алат.
- Порталдын Колдонуучусу тарабынан берилген жеке маалымат үчүнчү жактарга берүү жана жайылтуу үчүн арналган эмес, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кат жүзүндөгү расмий кайрылуусунан сырткары.
-
Колдонуучулардын жеке маалыматын коргоо үчүн көрүлгөн чаралар
- МКК Колдонуучунун жеке маалыматына бейукук же кокустан жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, тоскоолдук коюудан, көчүрмөлөөдөн, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка бейукук иш-аракеттеринен коргоо үчүн зарыл жана жетиштүү уюштуруучу жана техникалык чараларды көрөт.
-
Купуялуулук саясатын өзгөртүү. Колдонуучу мыйзамдар
-
МКК ушул Купуялуулук саясатына өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөрдү киргизүүдө актуалдуу редакцияда акыркы жаңыланган күн көрсөтүлөт. Саясаттын жаңы редакциясы ал жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгер башкасы Саясаттын жаңы редакциясы менен каралбаса. Колдонулуучу редакция https://uslugi.srs.kg/privacy дареги боюнча баракчада туруктуу режимде жайгашат.
Ушул Саясатка жана Купуялуулук саясатын колдонууга байланыштуу пайда болгон Колдонуучу менен МККнын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары колдонулууга тийиш.
-
Кайра байланыш
- Ушул Саясат боюнча бардык сунуштарды же суроолорду kattargrs@gmail.com электрондук почта боюнча порталдын администрациясына билдирүү керек, техникалык колдоо тел.: +996 (312) 98 61 41.