Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын
2015-жылдын 23-октябрындагы №182
тескемеси менен БЕКИТИЛГЕН
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын колдонуучулук макулдашуусу
-
Жалпы жоболор
- Ушул Колдонуучулук макулдашууда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – МКК) тарабынан сунушталуучу мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматка карата жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жеткиликтүүлүгүнүн бирдиктүү чекити Портал эки негизги бөлүктөрдүн турат:
- Маалыматтык бөлүгү – Интернеттин каалагандай кодонуучусу үчүн жеткиликтүүлүктүн жана сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр тизмеги, алардын баасы жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча маалыматты издөөнүн жөнөкөй жана натыйжалуу бирдиктүү чекити. Колдонуучу кызмат көрсөтүүдөн колдонуу учурунда толтурулушу керек болгон арыздардын жана формалардын бланктарынын үлгүлөрү менен, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү алуу учурунда берилиши зарыл болгон документтер тизмеги менен тааныша алат.
- Интерактивдүү бөлүгү – колдонуучуга «Жеке кабинетте» катталуу менен электрондук арызды тариздетүү жолу менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоонун бирдиктүү чекити. Порталда эсепке алуу маалыматтарын кайталап киргизүүнүталап кылбаган жана колдонуучуну МККнын маалыматтык системасында бир мааниде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү авторизациялануунун механизми ишке ашырылган. Порталда катталган колдонуучулар арызды электрондук формада толтура алышат жана аны кызмат көрсөтүүдөн колдонуу же болбосо кайсы бир суроо-талапты сураштыруу максатында МККнын дарегине каттоо боюнча кызматтарды алууга карата электрондук арыздарды териздетүү жана берүү үчүн жөнөтө алышат.
- Колдонуучу – бул белгиленген тартипте электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан пайдаланып жаткан жана персоналдык мүнөздөгү маалыматты берүүчү жеке адам.
- Контент – маалыматтык ресурстун маалыматтык-маанилүү толтурулушу (газеталар, журналдар, китептер, веб-баракчалар ж.б.), ошондой эле окурман/угуучу/көрүүчү, эгерде ушул Макулдашуу менен башкасы каралбаган болсо, өз каалоосуна жараша колдоно ала турган бардык маалыматтар.
- МКК Колдонуучуларга МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын (мындан ары – Портал) сервисин, ушул Колдонуучулук макулдашууда (мындан ары – Макулдашуу) баяндалган шарттарда пайдаланууну сунуштайт. Макулдашуу Колдонуучу тараптан Макулдашуунун 1.4. п. каралган тартипте анын шарттары менен макул экендигин туюндурган учурдан тартып күчүнө кирет.
- МКК Колдонуучуларга анвигация, комуникация, маалыматтарды жана материалдарды (контент) издөө ж.б.у каражаттарын кошо алган сервистердин кеңири спектрине карата жеткиликтүүлүктү сунуштайт. Ушул кезге карата бар болгон бардык сервистер, ошондой эле алардын каалагандай өнүктүрүлүшү жана/же жаңыларын кошуу ушул Макулдашуунун предмети болуп эсептелет.
- МККнын сервистерин пайдалануу ушул макулдашуу жана Купуялуулук саясаты менен, ошондой эле өз алдынча сервистерди пайдалануунун шарттары менен жөнгө салынат. Макулдашуу МКК тарабынан эс кандай атайын билдирүүлөрсүз эле өзгөртүлгөн болушу ыктымал. Макулдашуунун жаңы редакциясы ал ушул абзацта көрсөтүлгөн дарек боюнча, эгерде башка нерсе Макулдашуунун жаңы редакциясы менен каралбаган болсо, Интернет түйүнүнө жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Макулдашуунун аракеттеги редакциясы туруктуу режимде https://uslugi.srs.kg/terms дареги боюнча жайгаштырылып турат
- Порталдын кандайдыр бир сервисин/анын өз алдынча функциясын пайдалана баштоо менен, же болбосо каттоо жол-жобосунан өтүү менен, Колдонуучу Макулдашуунун шарттарын толук көлөмдө, кандайдыр бир эскертмесиз жана алып салууларсыз кабыл алынган катары эсептелет. Колдонуучу Макулдашуунун кайсы бир жобосу менен макул болбогон учурда, Колдонуучу Порталдын сервистеринен колоднууга укуксуз болот. Эгерде МКК тарабынан Макулдашууга ушул Макулдашуунун 1.3. пунктунда каралган тартипте алар менен Колдонуучу макул болбогон кандайдыр-бир өзгөртүүлөр киргизилген болсо, ал Электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталынын сервистеринен колдонууну токтотууга милдеттүү.
-
Колдонуучуну каттоо. Колдонуучунун эсептик жазуусу
- Порталдан же анын сервисинин айрым функциялары менен колдонуу учурунда, Колдонуучу анын негизинде Колдонуучу үчүн уникалдуу каттоо жазуусу түзүлө турган каттоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш болот.
- Каттоо үчүн Колдонуучу өзү тууралуу анык жана толук такталган маалыматтарды каттоонун сунушталган формасында берүүгө жана бул маалыматты колдоп турууга милдеттенем. Эгерде Колдонуучу жалган маалымат берсе же МККда Колдонуучу тарабынан берилген маалымат толук эмес же анык эместиги тууралуу божомолдоого негиздер бар болсо, анда МКК өз каалоосуна ылайык Колдонуучунун эсептик жазуусун бекитип салууга же өчүрүп таштоого жана Колдонуучунун Порталдын сервистерин же анын айрым функцияларын пайдалануусунан баш тартууга укуктуу.
- МКК Колдонуучудан каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоону каалагандай учурда талап кылуу жана ушуга байланыштуу тастыктоочу документтерди (анын ичинде алсак – инсандыгын тастыктоочу документтерди) сураштыруу укугун өзүнө калтырат, аларды бербей коюу, МККнын кароосу боюнча, аныкталбаган маалыматты берүүгө теңдештирилиши мүмкүн жана ушул Макулдашуунун 2.2. п. каралган кесепеттерге алып келиши ыктымал. Эгерде Колдонуучунун ал тараптан берилген маалыматтары, катто учурундагы маалыматтарга дал келбесе, ошондой эле, каттоо учурунда көрсөтүлгөн маалыматтар, Колдонуучуну идентификациялоого мүмкүндүк бербей жаткан болсо, МКК Колдонуучуга эсептик жазуусуна кирүүсүнөн жана Порталды пайдалануусунан баш тартууга укуктуу болот.
- Колдонуучунун эсептик жазуусунда камтылган Колдонуучунун персоналдык маалыматы МКК тарабынан Купуялуулук саясатынын шарттарына ылайык сакталат жана иштелип чыгарылат.
- Каттоо учурунда Колдонуучу өзүнө өз алдынча логин (Колдонуучунун эсептик жазуусунун уникалдуу символдук аты) жана эсептик жазууга кирүү үчүн сыр сөздү тандап алат. МКК белгилүү логиндерди колдонууга тыюу салууга, ошондой эле логинге жана сыр сөзгө карата талаптарды (узундугу, жол бериле турган символдор ж.б.) бекитүүгө укуктуу болот.
- Колдонуучу ал тандап алган сыр сөздүн коопсуздугу үчүн (таап алууга карата туруктуулугу) өз алдынча жоопкерчилик тартат, ошондой эле өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугун өз алдынча камсыздайт. Колдонуучу анын эсептик каттоосу алдында Порталды колдонуу же анын алкактарындагы бардык аракеттер үчүн (ошондой эле алардын кесепеттери үчүн) өз алдынча жоопкерчилик тартат, анын ичинде Колдонуучу тарабынан Колдонуучуну эсептик каттоосуна карата кирүү уруксатынын маалыматтарын өз эрки менен үчүнчү жактарга каалагандай шарттарда (анын ичинде келишимдер жана макулдашуулар боюнча) берген учурларды кошо алуу менен. Мында Колдонуучунун эсептик жазуусунун алдында МККнын севрситеринин алкактарында же аларды пайдалануу менен жасалан аракеттердин бардыгы, Колдонуучу ушул Макулдашуунун 2.7 пунктунда каралган тартипте Порталга санкцияланбаган кирүү тууралуу жана/же өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугун каалагандай бузуулар (тузулгандыгына шектенүүлөр) тууралуу билдирген учурлардан башка учурларда, Колдонуучунун жеке өзү тарабынан жасалган катары эсептелишет.
- Колдонуучу анын эсептик каттоосун колдонуу менен Порталга санкцияланбаган каалагандай кирүүлөр болгон учурда жана/же өзүнүн сыр сөзүнүн купуялуулугу каалагандай бузулгандыгы (бузулгандыгына шектенүүлөр пайда болгондугу) тууралуу МККга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Коопсуздук максататрында Кодонуучу өз алдынча өзүнүн эсептик каттоосунун үстүнөн иштөөнү Порталда иштегенинин ар бир сессиясы аяктагандан кийин коопсуз аяктоону («Чыгуу» баскычы) жүзөгө ашырууга милдеттүү. МКК маалыматтардын мүмкүн болгон жоготулушуна же бузулуп калышына, ошондой эле Колдонуучу тарабынан Макулдашуунун ушул бөлүгүнүн жоболорун бузгандыгынан улам болуп кетиши ыктымал каалагандай мүнөздөгү башка кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- Колдонуучу тарабынан өзүнүн эсептик каттоосун колдонуусу. Колдонуучу Порталдын кайсы бир бөлүгүн (контентин кошо алганда) алып иштетүүгө, кайталоого жана көчүрмөлөөгө, сатууга жана кайра алып сатууга, ошондой эле кандайдыр бир коммерциялык максаттарда колдонууга, же болбосо, Колдонуучу МККдан жазуу жүзүндөгү уруксатты алган учурдан башка учурларда аларга кирүү уруксатын берүүгө укуксуз.
- МКК эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн Колдонуучунун эсептик каттоосун блокировкалоого же өчүрүп салууга, ошондой эле Порталга карата кайсы бир эсептик каттоону пайдалануу менен кирүүгө тыюу салууга, жана каалагандай контентти өчүрүп салууга укуктуу, анын ичинде Колдонуучу тарабынан Макулдашуунун шарттарын же Макулдашуунун 1.3 п. каралган башка документтердин шарттарын бузган, ошондой эле тиешелүү сервисти пайдаланбай койгон учурларда.
- Колдонуучу МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталындагы өзүнүн эсептик каттоосун каалагандай учурда өчүрүп салууга же болбосо персоналдык бөлүмдөгү тийиштүү функцияларды пайдалануу менен алардын айрымдарына карата аракетин токтотууга укуктуу.
Эсептик каттоону өчүрүүнү МКК төмөнкү тартипте жүзөгө ашырат:
- Эсептик каттоо бир айга блокировкаланат, анын ичинде аны пайдалануу менен жайгаштырылган контент жана башка колдонуучулук маалыматтары өчүрүлбөйт, бирок аларга кирүү мүмкүндүгү Колдонуучу – ушул эсептик каттоонун ээси үчүн сыяктуу эле. Башка колдонуучулар чүүн дагы мүмкүн эмес болуп калат.
- Эгерле көрсөтүлгөн мөөнөт учурунда Колдонуучунун эсептик каттоосу калыбына келтириле турган болсо, көрсөтүлгөн маалыматтараг карата кирүү уруксаты аны блокировкалоо учуруна карата бар болгон көлөмдө жаңыртылат (Макулдашуунун шарттарын же тиешелүү сервисти жөнгө салыша турган башка документтердин шарттарын бузган контенттен башкасы).
- Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинле Колдонуучунун эсептик каттоосу калыбына келтирилбей турган болсо, аны пайдалануу менен жайгаштырылган бардык контент өчүрүлүп салынат, ал эми логин башка колдонуучу тарабынан пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болот. Ушул учурдан тартып эсептик каттоону калыбына келтирүү, ага тиешелүү болгон кандайдыр бир маалыматты, МККнын сервистерине ушул эсептик каттоону колдонуу менен кирүү уруксатына теңдеш эле мүмкүн болбой калат.
-
Пайдалануу жана сактоо тууралуу жалпы жоболор
- МКК Порталды бардык Колдонуучулар үчүн же Колдонуучулардын айрым категориялары үчүн пайдалануусуна чектөөлөрдү киргизүүгө. Порталга кирүүгө тыюу салууга, ошондой эле автоматтык түрдө топтоштурулган каалагандай маалыматты кабыл алууну токтотууга укуктуу болот.
- МКК өзүнүн колдонуучуларына ушул Макулдашуунун шарттарын Колдонуучу тараынан бузуулар аныкталган учурда маалыматтык билдирүүлөрдү жөнөтүүгө укуктуу.
-
Колдонуучунун контенти
- Колдонуучу ал тараптан Порталга жайгаштырылып жаткан контенттин мазмунунун аракеттеги мыйзамдардын талабына шайкеш келиши үчүн жоопкерчиликти, качан Колдонуучу тараптан тигил же бул контентти жайгаштыруу үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган учурларда, анын ичинде авторлордун жеке мүлктүк эмес укуктарын, үчүнчү жактардын башка интеллектуалдык укуктарын бузган жана/же аларга тиешелүү болгон материалдык эмес жыргалчылыктарына кол салган учурдагы жоопкерчиликти кошо алганда өз алдынча жеке тартат.
- Колдонуучу Порталдын иштөө технологиясы Колдонуучунун контентин көчүрмөлөөнү (кайра жазып колдонууну) талап кыла тургандыгын аңдап түшүнөт жана аны менен макул болот.
-
Порталды пайдалануунун шарттары
- Колдонуучу электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталын колдонууга байланышкан, анын ичинде эгерде мындай кыймыл-аракеттер үчүнчү адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген, ошондой эле Порталды колдонуу учурунда мыйзамдардын сакталышы боюнча өзүнүн кыймыл-аракеттери үчүн үчүнчү адамдардын алдындагы жоопкерчилигин жеке өзү өз алдынча тартат.
- Порталды пайдаланган учурда Кодонуучу төмөнкүлөргө укуксуз:
- өзүн башка адам катары же Колдонуучуну өкүлү катары ага жетишсиз укуктары болгон учурда билдирүүгө, ошондой эле Порталдагы башка адамдарды мыйзамсыз өкүлчүлүк кылуунун башка формаларын жана ыкмаларын колдонууга;
- андай аракеттерди аткарууга мыйзамдарга ылайык укугу жок болгон учурда контентти жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же башка каалагандай ыкма менен жайгаштырууга жана/же таркатууга;
- кандайдыр бир вирустарды камтыган материалдарды же башка компьютердик коддорду, каалагандай компьютердик жабдууну же программанын иштешин бузууга, чектөөгө же жок кылууга арналган файлдарды же программаларды санкцияланбаган кирүүнү жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле жогоркуда көрсөтүлгөн маалыматка карата шилтемелерди жайгаштыруу үчүн аларды жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же башка каалагандай ыкма менен жайгаштырууга жана/же таркатууга;
- башка адамдардын персоналдык маалыматтарын топтоого жана сактоого;
- электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын нормалдуу иштөөсүн бузууга;
- алардын мазмуну Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына каршы келип турган түйүндөрдүн ресурстарына карата шилтемелерди жайгаштыруу;
- Макулдашуу тарабынан жүктөлө турган чектөөлөрдү жана тыюу салууларды бузууга багытталган аракеттерге көмөк көрсөтүү;
- башка ыкмалар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузуу.
-
Сервистерди жана контенттерди кармап турууга карата өзгөчө укуктар
- Электродук кызмат көрсөтүү Порталында жеткиликтүү болгон бардык объекттер, анын ичинде дизайн элементтери, текст, графикалык сүрөттөлүш, тартылган сүрөттөр, маалыматтар базасы жана башка объекттер (мындан ары – Порталды мазмуну), ошондой эле Порталган жайгаштырылган каалагандай контент, МККнын жана электродук кызмат көрсөтүүлөр Порталынын Колдонуучуларынын өзгөчө укуктарынын объекттери болуп саналышат.
- Порталдын контентин, ошондой эле кайсы бир башка элементтерин колдонуу функционалдын чектеринде гана мүмкүн болот. Порталдын мазмунунун эч кандай элементтери, ошондой эле Порталга жайгаштырылган каалагандай контент МККнын алдын ала берилген уруксатысыз башка ыкмалар менен колдонулушу мүмкүн эмес. Колдонуунун алдында каалагандай негиздеги кайра берүү, көчүрмөлөө, кйара иштеп чыгаруу, таркатуу, чагылдыруу ж.б.у.с. түшүнүлөт. Өзгөчө учурларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тике каралган же электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталын пайдалануунун шарттарында каралган учурлар түзүшөт.
- Колдонуучу тарабынан электрондук кызмат көрсөтүүлөр Порталынын мазмунун элементтерин пайдалануу, ошондой эле каалагандай контентти жеке коммерциялык эмес колдонууга автордук укукту, аралаш укуктарды, товар белгилерин, автордук тууралуу башка билдирмелерди сактоонун, укук ээсинин авторунун атын/аталышын өзгөртпөгөн түрдө сакталган, тийиштүү объектти өзгөртүлбөгөн түрдө сактаган учурларда жол берилет. өзгөчө учурларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тике каралган же Порталдын пайдалануучулук макулдашууларында каралган учурлар түзүшөт.
-
Сайттар жана үчүнчү жактардын контенти
- Портал Интернет түйүнүндөгү башка сайттарга шилтемелерди камтып турушу ыктымал (үчүнчү жактардын сайттары).
-
Кепилдиктердин жоктугу, жоопкерчиликтерди чектөө
- МКК Колдонуучу тарабынан Порталдын сервистерин же айрым бөлүктөрүн, же функцияларын колдонуунун кесепетинен болгон чыгашалардын каалагандай түрлөрү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- МКК Колдонуучу тарабынан өзүнүн жеке, анын ичинде каттоо маалыматтарын дагы үчүнчү адамдарга бергендиги жана таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- МКК Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында иштөө учурундагы алардын айынын анын жеке маалыматтары, анын ичинде каттосу үчүнчү жактарга берилип калган же таркап кеткен аракеттери же аракеттенбей коюулары үчүн жоопкерчилик тартпайт.
-
Башка жоболор
- Ушул Макулдашуу Порталды колдонуу тартибине карата Колдонуучу менен МККнын ортосундагы келишимди түшүндүрүп турат.
- Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет. Ушул Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер, Кыргыз Республикасыны мыйзамдарына ылайык чечилүүгө тийиш. ушул Макулдашуу тарабынан жөнгө салына турган мамилелерден улам келип чыга турган мүмкүн болгон талаш-тартыштар, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилишет. Ушул Макулдашуунун тексти боюнча бардык жерде, эгерде башка нерсе ачык жазылбаган болсо, «мыйзамдар» термининин алдында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түшүнүлөт.
- Макулдашууда эч нерсе Колдонуучу жана МККнын ортосундагы агенттик мамилелерди, шериктештик мамилелерди, биргелешип иш алып баруу мамилелерин, жеке жалдап алуу мамилелерин же болбос Макулдашуу менен тике каралбаган кандайдыр бир башка мамилелерин орнотуу катары түшүнүлүшү мүмкүн эмес.
- Ушул Макулдашуу орус тилинде түзүлгөн жана жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
- 5. Ушул Саясатка байланыштуу бардык сунуштар жана суроолорду порталдык администрациясына төмөнкү электрондук дарек боюнча билдирүүгө мүмкүн болот: kattargrs@gmail.com, техникалык колдонуунун тел. +996 (312) 98 61 41.