Зарыл болуучу
документтер
- Бала төрөлгөн медициналык мекеме тарабынан берилген, белгиленген
формадагы медициналык күбөлүк;
- Ата-энесинин (атасынын, энесинин) инсандыгын тастыктоочу документи;
- Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Баланын ата-энесинин ортосунда никеси жок болгон учурда, алардын
экөөнүн тең паспорту менен жеке катышуусу милдеттүү түрдө керек болот;
- Арыз берүүчүнүн инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи;
- Акы төлөө: бланк продукциясынын өздүк наркы боюнча. Туулгандыгын
каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт;
- Акы төлөө: кызматты көрсөтүү ордунда, банк аркылуу, же болбосо
терминал аркылуу жүргүзүлөт;
- Кызматты көрсөтүү мөөнөтү.
Туулгандыгын каттоо ата-энесинин же алардын биринин
жашаган жери боюнча жарандык акттын абалын каттоо органдарында жүргүзүлөт.
Туулгандыгы тууралуу арызы бала төрөлгөн күндөн
кийинки бир айдан кечиктирбестен, ал эми өлүү бала төрөлгөн учурда – төрөлгөн
күнүнөн тартып үч суткадан
кечиктирбестен жазылууга тийиш.
Белгиленген мөөнөттүн өткөрүлүп жиберилиши
туулгандыгын каттоодон баш тартууга негиз болуп эсептелбейт.
Кызматты
көрсөтүнүүн жыйынтыгы Берилет:
Туулгандыгын каттоо