Атасы экендигин аныктоону каттоо

Зарыл болуучу документтер

Кыргыз Республикасынын «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамынын 50-53 беренелерине ылайык атасы экендигин аныктоону каттоо ата-энесинин (алардын биринин) жашаган жери боюнча, баланын төрөлгөндүгүн каттоо орду боюнча же болбосо атасы экендигин аныктоо тууралуу же атасы экендигин таануу фактын аныктоо жөнүндө соттун чечими чыгарылган орду жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында жүргүзүлөт.

  1. Бала төрөлгөн учурга карата өз никеге турушпаган баланын атасынын жана энесинин биргелешкен арызы;
  2. Атасы экенин аныктоо тууралуу (атасы экендигин таануу фактын аныктоо жөнүндө) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
  3. Алдын ала, энеси кош бойлуу кезинде белгиленген тартпте жасалган арыз, келечекте төрөлө турган баланын никеге өз ара турбаган ата-энесинин биргелешкен арызы;
  4. Баланын энеси менен никеси жок баланын атасынын, эгерде энеси каза болгон болсо, өлгөн катары таанылган болсо, дайынсыз жоголгон болсо, ишке жарамсыз болсо же анын жашаган ордун аныктоого мүмкүн болбосо, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнөн атасы экенин аныктоого макулдугу болгон учурда, ал эми мындай макулдук жок болгон учурда – соттун чечими аркылуу жазылган арызы;
  5. Акы төлөө: кызматтарды көрсөтүү ордунан, же банк аркылуу, же терминал аркылуу жүргүзүлөт;
  6. Кызматты көрсөтүү мөөнөтү — арыз берүүчүнүн ЖААК органына кайрылган күнү.

Кызматты көрсөтүүнүн жыйынтыгы Берилет:

Атасы экендигин аныктоону каттоо