Зарыл болуучу
документтер
- Жубайлардын эки тараптуу макулдугу менен никесин бузуп жаткан
адамдардын никесин бузуу тууралуу биргелешкен арызы, мүлктүк
талаш-тартыштары жана жашы жете элек балдары жок болгон учурда;
- Мөөнөтү менен мыйзамдуу күчүнө кирген соттун никесин бузуу тууралуу
чечими (өкүмү);
- Никесин бузуп жаткан адамдардын жеке түрдө паспорту менен же ишеним
кат боюнча аракеттенип жаткан адамдын катышуусу.
Акы төлөө: бланк продукциясынын өздүк наркы боюнча. Никесин
бузгандыгы үчүн мамлекеттик алым төмөнкүнү түзөт:
- Жашы жете элек балдары жок жубайлардын өз ара макулдашуусу боюнча - 25
сом;
- Соттун чечиминин негизинде (бирөөнөн же экөөнөн тең) – 15 сом;
- Дайынсыз жок катары же жан дүйнө оорусунан же акылы кемтик болушунан
улам ишке жарамсыз катары белгиленген тартипте таанылган адамдардан, же үч
жылдан кем эмес мөөнөткө кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдардан – 5 сом.
Кызматты көрсөтүү мөөнөтү — ЖААК органдарында бузулуп
жаткан нике, никесин бузгандыгын жарандык абалдын актыларын каттоо китебине
мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөн күндөн тартып токтотулат. Акы төлөө: кызматты
көрсөтүү ордунда, банк аркылуу, же болбосо терминал аркылуу жүргүзүлөт.
Кызматты көрсөтүүнүн жыйынтыгы
Берилет: Никесин бузгандыгын каттоо.