Зарыл болуучу
документтер
- Никеге туруп жатышкан адамдардын паспорттору
- Никеге туруу тууралуу жеке барып бирге берилген арыз
- Эгерде адам (адамдар) мурун никеси бар болгон учурда, никесин
бузгандыгы тууралуу же өлүм (жубайлардын биринин) тууралуу күбөлүк;
- Акы төлөө: Бланк продукциясынын өздүк наркы боюнча. Никеге тургандыгын
каттагандыгы үчүн мамлекеттик алым 25 сомду түзөт. Андан тышкары, акы
төлөнүүчү кызматтар реестрине ылайык, жарандык абалдын актыларын каттоо
органдары кызматтардын төмөнкү түрлөрүн көрсөтүшөт:
- ЖААК органдарынын имараттарынан тышкары жеке салтанаттуу ритуалдарды уюштуруу жана өткөрүү - 1265-00 сом;
- Бишкек жана Ош шаарларында никени салтанаттуу түрдө каттоо аземи - 2565-00 сом;
- Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча республиканын ЖААК бөлүмдөрүндө салтанаттуу ырымдарды өткөрүү - 556-00 сом;
- Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүндө никени каттоо боюнча салтанаттуу ырымдарды өткөрүү - 1732-00 сом.
- Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча Бишкек жана Ош
шаарларында Мобилдүү топтор борборунун кызматкерлери тарабынан никени
салтанаттуу түрдө каттоо аземи - 5423-00 сом
Жүйөлүү себептери бар болгон учурда мамлекеттик каттоо
жайы боюнча ЖААК органы бир ай мөөнөтү өткөнгө чейин никеге турууга уруксат
бериши мүмкүн, ошондой эле бул мөөнөттү бир айдан ашык эмес убакытка узартышы
ыктымал. Никеге турууну каалаган адамдар менен макулдашуу боюнча, ЖААК органы
никени каттоо убактысын (күнүн жана саатын) дайындайт. Никеге туруусун каттоо
күнү Арыздар берилгенден кийинйи бир айлык мөөнөт өткөндөн эрте эмес
белгиленет.
Кызматты көрсөтүүнүн жыйынтыгы Берилет:
Никеге туруусун каттоо