КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 30-июлу № 205 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1-берененин 2-бөлүгү "заставаларын," жана "өндүрүштүк кубаттуулуктарды" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "чакан жана" жана "жана жогорку чыңалуудагы 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки электр чубалгыларын, 110 кВ.дан 500 кВ.га чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А.Ш. Атамбаев